Монголия жаңы борбор шаарын куруп жатат

Автор

Жаңы борбор Улан – Батордон 300 км узактыкта жайгашат. Белгилүү болгондой, жаңы калаа Монгол империясынын борбору болгон Хархорин шаарынын ордуна курулушу мерчемделүүдө. Монголияга жаңы борборду керектирген белгилүү себептер бар. Алар Улан Батордо калктын толуп, ташканы, автоунаалардын жыштыгы, өндүрүштүк ишканалардын көбөйгөнү. Монгол экономикасы Улан Батордо тамыр алса, калктын көпчүлүк бөлүгү ушул шаарда жайгашкан.
Учурда Хархорин шаарында 15 миңдей адам жашайт. Бул шаарга Чыңгыз хандын небереси Мунке хандын атына берилген жаңы аба майданы курулат. Өкмөттүк имараттар кезек кезеги менен көчүрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ Сребреницадагы окуяларды геноцид деп тааныды

БУУнун Башкы ассамблеясы Германия менен Руанда тарабынан даярдалган 1995-жылдагы Боснияда болгон Сребреница геноциди боюнча резолюцияны жактырды. Бул демилгени 84 өлкө колдоп, 68и калыс, 19у каршы чыкты. Каршылардын арасында Россия менен Кытай бар. Документтин расмий текстине ылайык, Сребреницадагы геноцидди тарыхый окуя катары тануу кабыл алынгыс. Сербиянын президенти Александр Вучич БУУ бул […]

Сизге жагышы мүмкүн