Монголия бийлиги Путинди камоодон баш тарткан себебин түшүндүрдү

Автор

Монголия Россиянын президенти Владимир Путинди Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) ордери боюнча камоодон баш тартканын энергетикалык көзкарандылык жана нейтралдуу саясат менен түшүндүрдү. Монголия 95 пайыз мунай продуктуларын жана 20 пайыздан ашуун электр энергиясын коңшу өлкөлөрдөн импорттойт. Бул өлкөнүн жашоосу үчүн маанилүү. Андыктан Улан-Батор дипломатиялык мамилелерде нейтралдуулук саясатты карманаарын белгиледи.
Монголия Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү болуп саналат. Бул эл аралык соттун Путиндин камакка алуу ордери чыккандан бери Рим статутун ратификациялаган өлкөгө жасаган биринчи сапары болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

“Кыргызстан - Иран" футбол беттеши. Курамага кимдер кирди?

Эртең, 5-сентябрда футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандан курамасы Иран менен беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Маалыматка ылайык, оюн Ирандагы «Фуладшехр» стадионунда өтөт. Улуттук кураманын машыктыруучулар штабы Иранга каршы ойной турган футболчулардын тизмесин жарыялады: Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Артем Прядкин, Султан Чомоев, Коргоочулар: Валерий Кичин, […]

Сизге жагышы мүмкүн