Монголияда Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп ачылат

Автор

Монголияда Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин ачылышы кутүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан менен Монголиянын парламенттеринин төрагаларынын Улан-Батордогу жолугушуусунда белгилүү болду.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улан-Батордогу көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын ыйгарууну жана кыргыз эпосунун баатырынын эстелигин орнотууну сунуштады.
Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы Гомбожавын Занданшатар демилге карала турганын белгиледи. Ошону менен бирге ал бүгүнкү күндө Монголиянын баш калаасынын көчөлөрүнүн бирине Айтматовдун ысымын ыйгаруу маселеси каралып жатканын баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Путиндин инаугурациясы качан болору айтылды

Россиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясы 7-майда болорун Федерация Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик курулуш боюнча комитетинин башчысы Андрей Клишас комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, 6-майда, аземдин алдында сенаторлор COVID-19 үчүн ПЦР тестинен өтүшөт. Бул инаугурация Путиндин президенттик кызматка киришүүдөгү бешинчи аземи болот . Март айында өткөн шайлоодо Россиянын президенти Владимир […]

Сизге жагышы мүмкүн