Монголияда Путин камалабы?

Автор

Монголия Владимир Путиндин өлкөгө болгон сапары учурунда Эл аралык кылмыш сотунун аны камакка алуу буйругун аткарбайт. Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маселе боюнча Кремлде эч кандай тынчсыздануу жок экенин билдирген.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Монголия бийлигин Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) ордерин аткарып, 3-сентябрда бул өлкөгө сапар менен барганы жаткан Владимир Путинди камакка алууга чакырды. Министрликтин билдирүүсүндө Украина тарап Путиндин аскердик кылмышкер экенин белгилеп, Монголия өкмөтү, Рим статутун ратификациялаган өлкө катары, бул фактыны түшүнөрүн билдирет.
Тышкы иштер министрлиги Путинди камакка алуу боюнча милдеттүү эл аралык ордерди аткарууга жана аны Гаагадагы сотко өткөрүп берүүгө чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде биринчи коңгуроо кагылат

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жаңы 2024/25-окуу жылы башталды. Бүгүн, 2-сентябрда мектептерде биринчи коңгуроо кагылат. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 1-4-класстар үчүн биринчи сабак “Билим – күч”, 5-11-класстар үчүн “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрү” деген темада болот. Сабактын максаты – Кыргыстандын түптөлүшү жана билим берүүгө салым кошкон инсандар, билим – илимдин […]

Сизге жагышы мүмкүн