Молдованын президенти Майя Санду мамлекеттик тилди молдован тилинен румын тилине өзгөртүү боюнча мыйзамды жактырды. Өлкө лидеринин айтымында, бул республиканын тургундарын бириктирет.
“Мен тарыхый жана төгүндөлгүс чындыкты тастыктаган мыйзамды чыгардым. Молдованын мамлекеттик тили – румын тили. Румын тили бул жерде жашаган жана бул жерди сүйгөн баарыбызды бириктирүүсүн каалайм”,-деп жазды Санду Facebook баракчасына.