Молдованын президенттик шайлоосунун экинчи айлампасына азыркы президент Майя Санду жана мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло чыгат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбүгө караган түнү жарыяланган алдын ала жыйынтыктарга таянып билдирди.
Шайлоо протоколдорунун 89 пайызы эсептелгенден кийин, Санду 37,37 пайыз добуш алса, Стояногло 29 пайыз добуш алган. Алар 3-ноябрда өтө турган экинчи айлампада өлкө башчылыгы үчүн жарыша турган болушту.