Молдовада евроинтеграция боюнча референдум: Добуштарда 0,92 пайыз айырма чыкты

Автор

Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) евроинтеграция боюнча референдумдагы протоколдордун 100 пайызы саналып бүткөн жыйынтыгын жарыялады. Өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуусун колдогондор 50,46 пайызды түздү. Каршылык көрсөткөндөр 49,54 пайыз болду.
Референдумга жалпы 1,5 миллионго жакын адам катышты. Евроинтеграция боюнча референдум Молдова президенттик шайлоо менен бирге өттү. Шайлоодо учурдагы президент Майя Санду 42,31 пайыз добуш менен алдыга чыкты, ал эми экинчи орунду мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 26,07 пайыз менен ээледи. Эч бир талапкер 50 пайыз добуш чегинен ашкан жок. Андыктан БШК 3-ноябрга экинчи турду дайындады.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров ТИМдин 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу мекендештер! Дипломатиялык кызматтын кымбаттуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Ардактуу меймандар жана дипломаттык корпустун өкүлдөрү! Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Тышкы […]

Сизге жагышы мүмкүн