АКШ президенти Жо Байден Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар Россия-Украина кагылышын жана Модинин Киевге болгон сапарын талкуулашты. Америкалык президент индиялык премьер-министрге Украинага көрсөтүлгөн гуманитардык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Нарендра Моди Жо Байден менен Украинадагы кырдаалды, ошондой эле башка аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулаганын билдирди. «Биз Бангладештеги кырдаалды талкуулап, кадимки турмушту тезирээк калыбына келтирүүнүн зарылдыгын белгиледик»,-деп жазды Моди X социалдык тармагында.