Жарым-жартылай мобилизациянын алкагында атайын аскердик операциянын аймагына келген россиялык аскер кызматкери өзүнүн үч баласына карабай үйүнө кайткан жок. Ал инисине каралашып калганы менен түшүндүрдү.
“Үч балам бар. Үйгө кайтмакмын. Бирок мен баш тарттым. Иним да бул жакка чогу чакырылган. Апам ага көз салып жүрүүмдү суранган. Ошондон улам үйгө кайтуудан баш тарттым. Аны менен чогуу барууну чечтим. Чогуу келдик, жеңиш менен кайтабыз”,-деди жоокер.