Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги россиялыктарды мобилизацияга чакыруу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, аны смс аркылуу чакыруу мүмкүнчүлүгү менен толуктады.
Долбоорго ылайык, аскер комиссариаттары күн тартибиндеги маселелер боюнча билдирүүнү «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча» өздүк кабинетине, салык төлөөчүнүн жеке кабинетине, ошондой эле СМС аркылуу келечектеги аскерге милдеттүүнүн абоненттик номерине жөнөтө алышат.
Билдирүү “Госуслуг” порталында көрсөтүлгөн номерге келиши керек.