Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча социалдык министрлик менен чек ара кызматы биргелешкен мобилдик түзүүнү сунуштады.
Ал “Алайда болгон окуя боюнча. Жаш балага зордук зомбулук болгону чын. Аны баарыбыз эле билебиз. Бирок, кантип жоёбуз, ушул жагын ойлонуш керек”,- деди.
“Эгерде ата- эне чек арадан чыгып кетсе, же, 10-20 күн ичинде кайтпаса, аталган ведовостволорго эскертүү келет. Ошондо, социалдык министрлик үйүнө барып, балдардын абалынан кабар алганга шарт түзүлөт. Билесиз, ал министрликтин кызматкерлери өтө аз. Ар бир үйдү кыдырганга жетише алышпайт. Эң жакшысы Мобилдик тиркеме түзүү»-деп билдирди.