Бишкектин четиндеги Ми-8 аскердик тик учагынын кыйрашынан бир аскер кызматкери каза болуп, сегизи жабыркады
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабаркагандардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, бирөөнүн абалы өтө оор, ал эми үчөөнүн абалы дагы оор экендиги айтылды. Алардын баары медициналык тез жардам ооруканасына жаткырылды.
Коргоо министрлигинин жана Куралдуу күчтөрдүн Аскер-аба күчтөрүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.