Ми-8 тик учагынын кыйрашынан 22 адам набыт болду

Автор

Камчаткада Ми-8Т кыйрашынан аман калгандар жок. Тик учакта 19 турист жана 3 экипаж мүчөсү болгон.
Борттогу 22 адамдын арасында Россиянын Футбол союзунун каржы директору Арсений Замятин жана анын жубайы Полина болгон.
Маалыматтарга ылайык, тик учак учкучтун катасынын айынан кыйрашы мүмкүн. Туманда учкуч тоону байкабай калып, анын бооруна тийгени болжолдонууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, алар 900 метр бийиктикте, акыркы жолу байланышта болгон жерден табылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекеттик катчы мектептерге "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" темасында сабак өттү

Бүгүн, 2-сентябрда, өлкөдөгү бардык мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. Бишкектеги №69 мектепте мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында ачык сабак өткөрдү. Сабактын максаты – улуу инсандар жөнүндө айтып, окуунун маанисин түшүндүрүү жана Кыргызстандын тарыхы менен азыркы өнүгүүсү тууралуу түшүнүк берүү болду. Сабакта мамлекеттик катчы […]

Сизге жагышы мүмкүн