Миң-Куштагы окуяга Акылбек Жапаров жооп берди

Автор

Миң-Куштагы окуя боюнча бүгүн,13-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жооп берди.
Миң -Куштагы кулаган автоунаанын чоо – жайына депутат Мирлан Самыйкожо кызыгып, ичинде эмне бар эле деп сурады. Көптөн бери оппозициянын куралына айланган бул кырсык боюнча Акылбек Жапаров жооп берип жатып, “ал жерде үстү герметикалык зат менен жабылган калдык бар экен. Адамдык факторго байланышкан окуя болуптур. Бактыга жараша, эч ким зыян тартпай чыгарып кеттик”,- деп жооп берди.
Эске салсак өткөн жумада АКШга баш калкалаган Тилекмат Күрөңов аттуу жаран жеке баракчасына Миң – Куш айылындагы кулаган оор жүк ташыган унааны көрсөтүп, “уран калдыктары сууга агып жатат”.- деп билдирген эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Элчи: Россия АКШга чечкиндүү жооп кайтарат

Россия АКШнын тирешүүсүнө адекваттуу жана чечкиндүү жооп кайтарат. Бул тууралуу Вашингтондогу РФнын элчиси Анатолий Антонов билдирди. АКШнын Каржы министрлиги тарабынан киргизилген жаңы антироссиялык санкцияларды ал америкалык бийликтердин орус элине карата куттуктоосу деп атады. Дипломаттын айтымында, АКШнын бийликтери глобалдык маселелерди жалгыз чече алабыз деп ишенишет. Терроризм, курал-жарактарды массалык жок кылуу, киберкылмыштуулук, […]

Сизге жагышы мүмкүн