Польшалык дарыгерлер тобу Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини комплекстүү медициналык текшерүүдөн өткөрүшөт.
Саясатчынын адвокаты Дито Садзаглишвили да жарым жыл мурун Евробиримдик жиберген дарыгерлер тобуна абактагы Саакашвили менен жолугушууга уруксат берилгенин кабарлады.
“Алты ай кечигүүдөн кийин өкмөт акыры дарыгерлерге Михаил Саакашвилини ооруканада көрүүгө уруксат берди. Евробиримдик тарабынан медициналык миссия түзүлгөн. Алар анын абалын изилдеп жатышат жана андан соң жыйынтык чыгарышат”.