2022-жылдын 1-октябрында бийликти басып алууга шек саналып кармалган Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили кечээ Тбилис сотуна онлайн аркылуу катышты. Ал арыктап, жүдөгөн абалда көрүнгөн. Украинанын президенти Володимир Зеленский аны дарылануу үчүн Украинага жөнөтүлүшүн талап кылды. “Ал ансыз деле Украинанын жараны. Орустар аны Грузиянын бийлиги аркылуу акырындап өлтүрүп жатышат”,- деп билдирди ал.