Мирлан Самыйкожо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде мыйзам бузулуп жаткандыгын айтты

Автор

Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-сентябрдагы жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде майзам бузулуп жаткандыгын айтты
Ал “ Кыргызстанда Кыргыз-Түрк “Манас” университетин эң мыкты,кесипкөй деп келебиз. Бирок, бизге келген кайрылуулар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары толук кандуу аткарылбай жатыптыр. Ушуну Билим берүү министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги тезинен көзөмөлгө алышы керек. Ал жерде мен деген мыкты профессорлор, окутуучулар иштешет. Алардын эртеңки келечигене балта чабылып калбасын”, – деди
Бирок, эл өкүлү ал жерде кандай мыйзамдар бузулуп жаткандыгын так айткан жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Чыныгы майды жасалмасынан кантип айырмалайбыз?

Табигый май тийгенде катуу болот. Уйдун майы пакетиңизди ачканда так калтырбайт. Ошондой эле бычакка жабышпайт. Табигый майдын түсү ачык сары же сары, назик сүт жыты жана бөтөнчө даамдардын жыты жок каймактуу даам берет. 1. Майды бөлмө температурасында калтырыңыз: жасалмада ным тамчылары пайда болот. 2. Көмөч казанга ысытыңыз: нукура май ошол […]

Сизге жагышы мүмкүн