Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо мектептерге китеп алууга айлыктан акча бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 7-сентябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирди.
Анын айтымында, билим берүү тармагы китептерге муктаж болуп жатат. “Учурда китеп чыгарууга 5 миллиард сом акча керек экен. Биз баардыгына үлгү болупайлыгыбыздан бөлүп берели. Мекемелер улантсын, азаматтар улантсын. Биз баштап, айлыктан бөлүп берели», — деди ал