Мирлан Мурзаев чет элдик клуб менен келишим түздү

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын вице-капитаны жана бомбардири Мирлан Мурзаев Вьетнамдын жогорку лигасындагы «Ханой» ФК менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Белгилей кетсек, өткөн сезондо Мурзаев «Мохаммедан» футбол клубу үчүн Индия чемпионатында ойногон, анда 11 беттеш өткөрүп, 2 гол киргизип, 3 голдук пас берген.

Мурзаевдин КР улуттук курамасында дебюту 2009-жылдын 28-мартында Непал менен болгон беттеште болгон. Ал улуттук курамада 59 беттеш өткөрүп, 16 гол киргизген.

Мирлан Мурзаев «Ханой» клубунда 99-номерде ойнойт. Вьетнамдык клуб өз күйөрмандарына улуттук кураманын бомбардирин өзгөчө видео менен тааныштырды.

Бөлүшүү:
Next Post

ИИМ: Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугу көзөмөлдө

Ички ишер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоодо. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМдин буйругунун талаптарын аткаруу максатында Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын алдын алуу, ошондой эс алууга келген меймандардын коопсуздугун камсыздоо менен кайгуулдоо […]

Сизге жагышы мүмкүн