Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев согуштан жабыркаган палестиналык балдар менен аялдарга Өзбекстандын клиникаларында акысыз дарылоо кызматын көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы 11-ноябрда Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өткөн араб-ислам саммитинде сүйлөп жатып билдирди.
«Социалдык инфраструктура объектилери, мектептер, оорукана, мечиттер, бүтүндөй шаарлар кыйрап, миллиондогон карапайым калк баш паанексиз калып, ачарчылыктан жана оорулардан азап чегип жатканын тынч карап туруу мүмкүн эмес. Эң кейиштүүсү биз буга күбө болуп жатабыз. Бул трагедияга эл аралык аренада кош стандарттар колдонулууда. Эл аралык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратууда»,-деди Өзбекстандын президенти.
Палестина маселесин чечүү жана Ливандагы абалды турукташтыруу боюнча саммитте Араб мамлекеттеринин лигасы менен Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) мүчөлөрү чогулду. Ага Жакынкы Чыгыш, Африка, Борбордук жана Түштүк Азиядагы 50дөн ашуун мамлекеттин башчылары жана өкмөт өкүлдөрү катышты.