Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Расулов Мирбек Алишерович башкы прокурордун орун басары – Аскер прокурору болуп дайындалды.
Жапаров кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык башкы прокурордун орун басары – КРнын Аскер прокурору Сагындык Мукашов ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Белгилей кетсек, Сагындык Мукашов аталган кызматка 2020-жылдын ноябрында дайындалган.