Россиянын Эмгек министри Антон Котяков мигранттардын өлкөгө эркин кирүүсүнө тыюу салууну сунуштады. Ал министрлик ИИМ менен биргеликте өлкөгө эмгек мигранттарын тартуунун учурдагы системасын реформалоо варианттарын карап жатканын билдирди. «Ведомости» гезитине берген маегинде Россия мигранттар үчүн эркин кирүүнү токтотуп, андан да «цивилизациялуу моделди» колдоно аларын айтты.
Котяковдун пикиринде, учурдагы модель бизнес үчүн белгилүү бир тобокелдиктерди жаратат. Анткени жумуш берүүчүлөр мигранттарды окутуу жана медициналык кароодон өткөрүү чыгымдарын өздөрү көтөрөт. Ошол эле учурда алар жумушчунун өз милдеттерин аткарарына жана башка иштерге өтүп кетпей турганына кепилдик ала алышпайт.