“Сүлүктү шаарында Бөкөнбаев деген айыл бар. Ошол жерде жалгыз эле мектеп бар. Билим берүү министрлиги аны жабабыз деп жатат”,- деди депутат Чыңгыз Ажибаев.
Эл өкүлү аталган айылдын тургундарынын нааразычылыгын билдирип, “башка мектепке окутуу үчүн кычыраган кышта 180 баланы башка жактарга кантип ташыйбыз. Анын үстүнө айрым жерлерде көчкү түшүү коркунучу бар деп айтып жатышат. Бул маселени министрге айтсам, ал көңүл да бурган эмес”,- деди.