Казакстанга Starlink жабдууларынын 500 даанасы келди. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин Telegram каналында жазды.
«Мен Алматыга жабдууларды кабыл алуу процессин өзүм текшерүү үчүн келдим. Кийинки жумада Starlink орнотууга толук даяр болгон Түркстан жана Акмола облустарындагы белгилүү мектептерге жеткирүү башталат. Аталган аймактардын акимчиликтери бардык даярдык иштерин жүргүзүштү”,-деп айтылат министрдин билдирүүсүндө.
Мусиндин айтымында, калган аймактарга 10 күндөн кийин келе турган кийинки партиядан жеткирилет. Жалпысынан 20 күндүн ичинде 2000 комплект келет. Бул өлкөдөгү 2000 алыскы айыл мектептерин жогорку ылдамдыктагы Интернет менен камсыздайт.