Кыргызстанда 2010-2019-жылдар аралыгындагы адам өлүмдөрүнүн 12-13 пайызы шаардагы ыштан улам болгон. Мындай маалыматты Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл боюнча министр Мелис Турганбаев билдирди. Ал ыш менен күрөшүүгө арналган тегерек үстөлдө катышып жатып, “аба кирдүүлүгүнө байланыштуу саламаттык сактоого коротулган чыгым 400 млн доллар”, – деди. Кандай болгон күндө да, аба кирдүүлүгү менен күрөшүүдө чечимдерди кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, эксперттерден жардам күтөөрүн айтты министр.