Билим берүү жана илим министрлиги өзүнө таандык басма үйүн курат. Мындай маалыматты аталган ведомстводон билдиришти.
Министрлик китеп басып чыгарууда тажрыйбага ээ экенин, учурда адистер жана эксперттер менен иш жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Басма үйүн түзүүдө өлкө казынасынан кошумча каражат талап кылынбайт. Керектүү чыгымдарды ички ресурстарды туура пайдалануу аркылуу ишке ашыруу пландалууда. Учурда окуу китептерин “Учкун” ААКга басып чыгарат.