“Эдил Байсалов кайда? Ал Парижде болсо керек. Алымкадыр авамчы? Ал дагы Париждеби? Өкмөттүн мүчөлөрү кайда жүрүшөт? Ылдый түшкүлө!” – деди депутат Балбак Түлөбаев.
Бүгүн, 14-октябрдагы комитет жыйынында депутаттар министрлерге издөө салды. Социалдык тармакта реформанын жок экендиги, иштин жүрбөй жаткандыгы айтылды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Министр учурда Түп районунда оорукана ачып жүргөнүн маалымдады эле депутаттар “баары бир ылдый түшкүлө, соц тармакты реформалаш керек”,- дешти.