Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Жыйында салык чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери, электрондук товартранспорттук колдонмолорду(ЭТТК) киргизүүнүн жүрүшү, отчеттуулукка байланышкан көйгөйлөрдү четтетүү, электрондук системалардын иштеши жана башка ушул сыяктуу маселелер талкууланды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарын (ЭТТК-ЭТТН) жоюуга жол берилбестигин айтып, бирок бул процесс жөнөкөйлөтүлөрүн билдирди.
ЭТТК талап кылынган товарлардын тизмесин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү изилденерин кошумчалады.
Ал ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана Мамлекеттик салык кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү жана салыктын ачыктыгын жогорулатуу боюнча натыйжалуу ишин камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.