Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетти

Автор

Бүгүн, 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кеткени айтылууда. Бул маалыматты бир нече булактар ырастады.
Маалыматтарда Акылбек Жапаров өз каалоосу менен арыз жазганы айтылды.
Азырынча анын кызматтан кетүү себеби расмий айтыла элек.
Ал эми Адылбек Касымалиев Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысынын милдетин аткарып турмакчы.
Эске салсак, Акылбек Жапаров 2021-жылдын 13-октябрында Министрлер кабинетинин төрагасы болуп кызматка келген. 60 жаштагы Акылбек Жапаров бир канча жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Мурун экономика жана каржы министрлигин да жетектеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия өзүнүн, Түндүк Кореянын, Беларуссиянын жана Абхазиянын дипломаттарын Дамасктан алып кетти

Россия өзүнүн дипломатиялык миссиясынын бир бөлүгүн, ошондой эле Түндүк Кореянын, Беларуссиянын жана Абхазиянын дипломаттарын Дамасктан чыгарып кетти «15-декабрда Россиянын Коргоо министрлигинин Аба-космос күчтөрүнө тиешелүү атайын каттам Хмеймим авиабазасынан Чкаловск аэропортуна Дамаскта иштеген Россиянын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүнүн айрым кызматкерлерин чыгарып келди. Ошондой эле Беларуссиянын, Түндүк Кореянын жана Абхазиянын дипломатиялык миссияларынын кызматкерлери […]

Сизге жагышы мүмкүн