Ички иштер министри Улан Ниязбековдун беш орун басары бар жана алардын бешөө тең генерал. Башка министрликтерде орун басарлар кыскарып жатат. Бирок, министр ар бир орун басарга бөлүнүп берилген маанилүү милдеттер бар экенин, бул түйшүктүү иште алар түнү күнү иштегенге иштери жетиштүү экенин билдирген. “ИИМ саясатка аралашпайт. Бирок, саясатта жүргөндөр укук буза турган болушса, анда биз аларга юридикалык баа беришибиз керек”,- деп билдирген Улан Ниязбеков.
Кыргыз милициясы коомчулуктун купулуна толуп, жылуу сөздөр айтылууда. Алардын эмгеги ат көтөргүс деген пикирлер да бар.