«Милтон» ураганы: 16 адам каза болду, Флорида сууда калды

Автор

Бейшембиге караган түнү АКШнын Флорида штатындагы батыш жээгине «Милтон» ураганы жетти. Ал куюн жана катуу жаан-чачындарды алып келди.
Флорида коопсуздук департаменти көз жумгандардын саны 16га жеткенин билдирди.
Флориданын губернатору Рон Десантис штаттын бардык тургундары боюнча толук маалымат азырынча жок экенин билдирди.
Турак үйлөргө, чиркөөлөрдүн имараттарына, соода жана кеңсе жайларына олуттуу зыян келтирилди.
Флорида бийлиги коопсуз аймактарга кеткен тургундарды үйлөрүнө шашпай кайтууга чакырууда.
Орландонун өзү да жарым-жартылай суу алдында калган.
Электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, Флоридада 3 миллионго жакын үй-бүлө жарыксыз калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү эң кымбат футбол командасы аталды

Эл аралык спорттук изилдөөлөр борбору (CIES) расмий сайтында командалардын трансфердик баасы боюнча клубдардын рейтинги жарыяланды. Рейтинг команданын оюнчуларынын жалпы трансфердик наркын эске алуу менен түзүлдү. Жыйынтыгында “Реал Мадрид” клубу биринчи орунда турат – 1 миллиард 728 миллион евро. Андан кийин 1 миллиард 431 миллион жана 1 миллиард 388 миллион еврого […]

Сизге жагышы мүмкүн