Миллиондон ашык ливандыктар үйлөрүнөн кетти

Автор

23-сентябрда Израил «Хезболла» түзүлүштөрүнө каршы операциясын баштагандан бери Ливандын 1 миллиондон ашык жашоочусу же калкынын төрттөн бир бөлүгү үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу экология министри Насер Ясин билдирди.
“Израилдин Ливанга карата агрессиясынын жетинчи күнүндө, убактылуу жайгаштыруу борборлорундагы адамдардын саны 157 миңден ашып, 856 борбордо турушат. Биздин баалоолор боюнча 1 миллиондон ашык ливандык үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду”,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия Кубогунун катышуучуларынын толук курамы белгилүү болду

Жаштар арасындагы 2025-жылкы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө катыша турган 16 курама командалары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Маалыматка ылайык, Азия Кубогунун финалдык этабы 2025-жылдын 6-23-февралында Кытайда өтөт. Турнир үчүн өтө турган чүчүкулак тартуу аземинин датасы жакынкы мезгилде айталат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн