“Миллиард доллардан да ашык керемет жерлерди менчиктеп алышканын Профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия таап чыкты. Уурулар менен күрөшүү оңой болгон жок”,- деп айтты басма сөз жыйында депутат Русланбек Жакышов. “Биздин максатыбыз мамлекеттин мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу. Андыктан, мындай көрүнүшкө баарыбыз бөгөт коюшубуз керек”,- деди.
Белгилей кетсек, учурда Профсоюздун ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия басма сөз жыйынын өткөрүп жатат.
Комиссиянын курамына кирген депутаттар:
Айбек Осмонов;
Чынгыз Ажибаев;
Руслан Жакышов;
Балбак Түлөбаев;
Алишер Эрбаев;
Нилуфар Алимжанова;
Замирбек Мамасадыков;
Шайлообек Атазов.