Түндүк Атлантикалык альянс НАТО Советтер Союзунун кулашы менен ишин токтотушу керек болчу. Мындай пикирин америкалык миллиардер, SpaceX жана Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск билдирди.
“Мен ар дайым НАТОнун башкы душманы жана Варшава келишими жок болгонуна карабастан, альянс бар экенине кызыкчумун”,-деп жазды бизнесмен.
Илон Маск өз оюн жеке ишкер Дэвид Сакстын социалдык тармакта СССР кулагандан кийин НАТО мурдагы Варшава келишиминдеги өлкөлөргө жайылууга умтулганы тууралуу постко комментарийинде билдирди.