Миллиардер ачык космоско чыгууга бел байлады

Автор

Америкалык миллиардер тарыхта алгачкы жолу ачык космоско даярданууда. “Polaris Dawn” деп аталган миссияны Shift4 төлөм кызматын негиздеген Жаред Айзекман каржылады.
SpaceX компаниясы уюштурган Crew Dragon космос кемеси 10-сентябрда, Флоридадагы Кеннеди космодромунан ийгиликтүү старт алды. Миллиардерди үч экипаж мүчөсү АКШ аба күчтөрүнүн учкучу жана SpaceX компаниясынын эки аял астронавты коштоп кетти.
Миссиянын алкагында Айзекман жана SpaceX кызматкери кеменин кабинасынан бир нече саатка чыгат. Бул коммерциялык космосто ачык космоско чыккан алгачкы учур болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Орун басарлык орунду мээлегендер көп

Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атахановдун Пакистанга элчи болуп дайындалышынан кийин ведомстводо кадрдык өзгөрүүлөр күтүлүп жатат. Айрым маалыматтарда, бошогон орунду көздөгөндөр менен ат тезегин кургатпай чоңдордун эшигин каккандардын саны арбыганы, бирок, министр аппаратта иштеп, такшалган кадрлардан дайындоону пландап жатканы айтылууда. Ал эми бизге жеткен маалыматта, Медер Абакиров аттуу кызматкердин […]

Сизге жагышы мүмкүн