Миллиардердин үй-бүлөсү кулчулук мамилеси үчүн абакка кетти

Автор

Швейцария соту Женеванын четиндеги хан сарайында кызматчыларын кыйнаганы үчүн Улуу Британиядагы эң бай Хиндуджа үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсүн жазага тартты.
Материалдарга ылайык, мультимиллиардерлер кызматчыларын кулчулук шарттарында кармашкан. Аларды имаратка камап, жер төлөдө уктоого мажбурлап, паспортторун тартып алып, акча төлөшкөн эмес.
Прокурор кызматкерлерге швейцария мыйзамдары боюнча тиешелүү айлыктын бирден он бөлүгүн гана төлөшкөнүн кошумчалады. Ошол эле учурда аларды күнүнө 18 саат иштөөгө мажбурлашкан.
Натыйжада сот үй-бүлөнүн эки мүчөсүн төрт жылга, дагы экөөсүн төрт жарым жылга эркинен ажыраткан.
Хиндуджа үй-бүлөсү автомобил куруу, мунай иштетүү, финансы жана саламаттыкты сактоо тармагында иш алып барган англо-индиялык Hinduja Group конгломератына ээлик кылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Польшадыгы мелдеште Калмира Билимбек кызы күмүш медалга татыды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Калмира Билимбек кызы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык рейтингдик турнирдин күмүш байгесине татыды. 59 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны биринчи жана экинчи раунддарда польшалык балбандарды алгач 4:3, кийнкисин 8:0 эсебинде далысын басып жеңишке жеткен. Ал эми финалда Билимбек […]

Сизге жагышы мүмкүн