Бишкек шаардык милициясы мурдагы депутат Ирина Карамушкина менен Роза Турксевер аттуу кармалышы боюнча үн катты.
Шаардык милиция 13-ноябрда Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшкөн аудиосу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын жана Роза Турксевер Ирина Карамушкина менен макулдашып, ар бир добуш үчүн 1000 сомдон берүү шарты менен шайлоочулардын добушун сатып алууну уюштурганы аныкталганын билдирди.
“Социал-демократтар” саясий партиясынын шайлоо алдындагы штабын тинтүүдө Т.Р. аттуу жаран шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн 15 000 сомдон 30 000 сомго чейинки каражатты 40тан ашык адамга бөлүштүрүү жөнүндө тизмеси жана процессуалдык тартипте алынган 28 300 сом суммадагы акчаны жок кылууга аракет кылган”, – деп айтылат маалыматта.
Ирина Карамушкина жана Роза Турксевер 14-ноябрга караган түнү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.