Мигрант окуучулардын орус тилин билүү деңгээли текшерилди

Автор

Россиянын мектептеринде октябрь айында өткөрүлгөн орус тилин билүү деңгээлин текшерүүдө мигрант балдардын 58 пайыздан ашыгы ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүшкөн. 23 пайыздан ашыгында окууда кыйынчылыктар байкалган. Ал эми 18 пайызга жакыны тилди начар билишет же таптакыр билишпейт.
Чет өлкөлүк жарандардын тилдик жана социалдык-маданий адаптациясын баалоо системасын сыноо долбоорун жетекчиси Ксения Габдрахманованын айтымында, бул иштер чет өлкөлүк жарандардын балдарынын Россияда билим алуу абалын изилдөөгө багытталган. Мониторинг Билим берүү министрлигинин демилгеси менен жүргүзүлгөн.
Мониторингдин маалыматына караганда, 2024/2025-окуу жылынын башында 154,8 миң чет өлкөлүк жарандардын балдары тилдик диагностикадан өткөн. Бул жалпы Россиянын бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелеринде окуган мигрант балдардын 74,4 пайызын түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар ноутбук сатып алуудагы кемчиликтерди иликтейт

Билим берүү министрлигинин мугалимдерге ноутбук сатып берүү иши боюнча депутаттык иликтөө жүргүзүү талабы бүгүн, 28-ноябрдагы парламенттин жалпы жыйынында козголду. Депутат Камила Талиева ноутбук маселесинде министрлер кабинетинин жарлыгы туура эмес жазылганын айтып, “ноутбуктардын качан алынаары да көрсөтүлбөгөн. Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин жана башка бир катар министрликтердин каршылыгына карабай, бир топ кемчиликтер […]

Сизге жагышы мүмкүн