Мигрант балдардын орус тилин билүү деңгээлин текшерүү апрелде башталат

Автор

Рособрнадзор мигрант балдарды орус тилин билүү деңгээли боюнча тестирлөө үчүн методикалык материалдар жана системаларды даярдоону аяктап жатат. Бул тууралуу вице-премьер Дмитрий Чернышенко билдирди.
«Эми келерки жылдын 1-апрелинен тарта бул иш биздин өлкөбүздөгү бардык билим берүү мекемелеринде системалуу түрдө өнүгө баштайт»,-деди ал.
Чернышенко жыл сайын орус мектептерине 155 миңдей мигрант балдар барарын кошумчалады.
11-декабрда Мамлекеттик Дума мигрант балдарды орус тилин билүү деңгээли боюнча тестирлөөсүз мектептерге кабыл алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ички иштер министрлигинде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

Ички иштер министрлигинде бир катар өзгөрүү болгонун аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык минкаб төрагасы төмөндөкүдөй дайындоолорго кол койгон. – Азамат Ногойбаев, милициянын полковниги. ИИМдин генерал майору Эргеш Алиев атындагы академиянын башчылыгына. – Тариел Абитов, милициянын генерал майору. ИИМдин күзөт кызматынын башчылыгына. – Оролбек Акпаров, милициянын полковниги. ИИМдин […]

Сизге жагышы мүмкүн