ЛДПР фракциясы Россия өкмөтүнө мигранттарга турак жайды келишим боюнча гана берүүнү милдеттендирген жана ижаранын максималдуу мөөнөтүн бир жылга чейин чектеген мыйзам долбоорлордун топтомун жөнөттү. Бул тууралуу партия лидери Леонид Слуцкий өзүнүн Telegram каналында билдирди.
«Көп сандаган туугандарына, досторуна жана жердештерине субарендага берүү жок. Буздуңбу — айып пул! Ээсине акча төлөбөсөң – келишимди токтотуу жана көчүрүү»,-деп жазды депутат.
Ал бул демилгеде ижара келишимин бузган ижарачыларды да, ижара берүүчүлөрдү да жазага тартуу сунушталганын тактады. Слуцкийдин айтымында, ЛДПР кабылдамасына чет өлкөлүк ижарачылардын жүрүм-туруму боюнча көптөгөн арыздар келип түшүүдө.
Ал белгилегендей Москвада эконом-класстагы турак жайдын 85 пайызы мигранттарга берилип жатат.