Мигранттар үчүн адаптация курсу иштелип чыкты

Автор

Улуттук иштер боюнча федералдык агенттик эмгек мигранттары үчүн адаптация курсун даярдады.
Мекеменин жетекчиси Игорь Баринов билдиргендей, Россиядагы адаптация курсу чет элдиктерди Россия Федерациясынын мыйзамдары, документтерди тариздөө тартиби жана орус коомундагы жүрүм-турум нормалары менен тааныштырат.
«Негизги милдет – миграциялык чөйрөдөгү чыңалууну басаңдатуу, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, эл эмне кыла аларын, эмне кыла албасын, сөзсүз түрдө жазага тартыларын билиши керек.  Эгерде алар Нижний Новгороддогудай балдар мектебинин аянтчасында кой союшса, анда жоопкерчилик тартат»,-деди Баринов ТАСС агенттигине берген маегинде.
Ошол эле учурда ал Россиянын мыйзамдарын сыйлаган жана сактаган мигранттар үчүн эшик ачык экенин,  иштелип чыккан курс жашоону жеңилдете турганын өзгөчө белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров Кыргызстандыктарга кайрылды

“Кышында массалык түрдө электр энергияны өчүрүү болбойт. Кышка даярбыз. Буйруса, кыштан чыгабыз. Бирок, техника болгондон кийин ар түрдүү ыктымал болушу мүмкүн, аны дагы жайгарабыз”,-деп билдирди Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында. Ал кыш келгенге чейин көмүр алып, кышка даярдык көрүү үчүн кайрылуу жасады. “Кышка бир гана кыргыз өкмөтү эмес ар бир […]

Сизге жагышы мүмкүн