Мигранттар санариптик профиль аркылуу көзөмөлдөнөт

Автор

Россияга иштөө үчүн келген ар бир эмгек мигранты үчүн компетенттүү органдарга анын кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү санарип профилин түзүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Сергей Неверов билдирди.
«Бизге 2030-жылга чейин эмгек рыногу боюнча түзүлгөн пландын сапаттуу аткарылышы керек. Жумушка келген адамдын санарип профили түзүлөт. Кайда көчүп жүрөт, уруксат кагаздары качан бүтөт, кайда, ким менен жашайт. Кандайдыр бир башка ишке которуу, иштен бошотуу. Булардын бардыгы компетенттүү органдардын көзөмөлүндө болушу керек”,-деди Неверов өзүнүн Telegram-каналында.
Бул маселе өкмөттүн 3-апрелде боло турган отчётунда талкууланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, чемпионат “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында 11-16-апрель күндөрү өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командалары дагы катышат. Эркин күрөш боюнча команданын тизмеси: 57 кг Алмаз Сманбеков; 61 кг Тайырбек Жумашбек […]

Сизге жагышы мүмкүн