Жаңы тартип үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында “Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоо жөнүндө” федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин ишке аша баштайт.
Жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобо боюнча каттоодон өтүүгө болот, бирок, бул үчүн Россия Федерациясынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү порталында жеке кабинет болуусу керек. Ал жерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жараны өзү жөнүндө гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу да маалымат бериши керек болот.