Мигранттар келген аймактарды Россияга кошуу сунушталды

Автор

“Адилеттүү Россия – Чындык үчүн” партиясынын теңтөрагасы Захар Прилепин “Россияга гастарбайтерлер келген аймактарды жөн эле кошуп, орус тилин жеринде үйрөтүү керек” деп билдирди. Ал мисал катары Өзбекстанды атады.
Мен чын дилимден эмгек мигранттары бизге келген аймактардын кошулушун жактайм. Аларды орус тилин жеринде үйрөтүш үчүн бул жерде эмес, мисалы Өзбекстанда. Мен муну чындап эле олуттуу айтып жатам, тамашалап жатканым жок”,-деди Захар Прилепин.
Прилепиндин билдирүүсүнөн улам Россиянын элчиси Олег Малгинов Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги дос өлкөнүн партия лидерлеринин мындай чукул билдирүүлөрү атайылап чагымчыл мүнөзгө ээ жана Өзбекстан менен Россиянын мамилесине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгиледи.
Жооп катары Малгинов Прилепиндин билдирүүлөрүнүн орус жетекчилигинин дос жана көз карандысыз Өзбекстанга карата расмий позициясына эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды

Түркиянын Элазык шаарында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бактын жана анын урматына орнотулган монументтин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Ага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Элазык шаарынын облустук жана шаардык бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Белгиленгендей, иш-чара Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Долбоор Кыргызстандын жараны, […]

Сизге жагышы мүмкүн