Орусиянын укук коргоо органдарынын 17-январдагы Санкт-Петербург шаарында өткөн рейд учурунда мигранттарды чөгөлөтүп, каз сыяктуу бастырган видеосу жарыялангандан кийин дүйнө коомчулугу менен бирге Орусиянын адам укугун коргоо уюмдары нааразылык билдирип чыгышкан. Белгилүү болгондой, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ), Ички иштер министрлигинин, Росгвардиянын жана прокуратуранын Свердлов облустук жана Екатеринбург шаардык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери курулуш аянтчаларында текшерүү жүргүзгөнү айтылган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Екатеринбургдагы окуя боюнча тынчсыздануусун билдирип, мындан ары ушул сыяктуу окуяларга жол бербөөгө чакырды. Адамды басмырлоо, кемсинтүү жана кадыр-баркына доо кетирген окуяны иликтеп, мунун мыйзамдуулугун териштирүүнү өтүнүп, Орус бийлигине кайрылды.