Месси эмне үчүн англисче сүйлөбөй жатканын айтып берди

Автор

Америкалык “Интер Майами” жана Аргентина курама командасынын жылдыз чабуулчусу Лионель Месси англис тилин жакшы билбегенинин себебин айтып берди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, карьерасы боюу англисче сүйлөөдөн качкан 36 жаштагы аргентиналык атактуу футболчу өзүнүн тилди билүү деңгээлинен уялып жатканын мойнуна алды.
“Мен бардыгын дээрлик англисче түшүнөм, бирок ошого карабай аз-аздан англисче сүйлөй баштадым: “Эми болду” деп коё берели, жакында уялбай сүйлөйм” деп ойлойм”, – Мессинин сөзүн ESPN басылмасы жазууда.
Эске сала кетсек, Месси АКШнын “Интер Майами” клубунда 2023-жылдын жайынан бери ойноп келет. Аргентиналык футболчу америкалык клуб үчүн 29 матч өткөрүп, 25 гол жана 16 пас берген.
Форвард буга чейинки эки сезонду франциялык “Пари Сен-Жерменде” ойноп, ага чейин карьерасын испаниялык “Барселонада” өткөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Песков: Батыш өлкөлөрү теракты айыпташкан жок

Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Батыш өлкөлөрү Дагестандагы окуяны эч кандай айыпташпаганын айтты. «Президент Дагестанда жакындарын жоготкондордун баарына терең көңүл айтты. Бардык жабыркагандарга зарыл болгон жардам көрсөтүлүүдө. Президент кечээ да, бүгүн да күч түзүмдөрү жана Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз байланышта болуп, бардык зарыл тапшырмаларды берүүдө», -деди Песков. Дмитрий […]

Сизге жагышы мүмкүн