Аргентиналык атактуу футболчу Лионель Месси футболдук карьерасынын көбүн өткөргөн «Барселона» клубуна кайтып келиши мүмкүн.
Mundo Deportivo басылмасы “Барселона” өзүнүн мурдагы лидерин кайтаруу үчүн вариантты иштеп чыгууда деп жазды. Мессиге салыштырмалуу аз айлык сунушталат, бирок кирешенин көбү бонустар болот.
Лионель Мессинин париждик “Пари Сен-Жермен” менен келишими келерки жылдын жайында аяктайт. Ушул жагдайдан пайдаланып, “Барселона” клубу Мессини чакырууга аракет кыла баштаганы айтылууда.