Менчиктештирүү саясаты кайрадан териштирилсе…

Автор

Бийлик мамлекет маселеси үчүн дос, тууганына карабай жатканда Темир Сариевдин Киев–Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги үлкөн имараты эмне болот?
Албетте, укуктук негизде иштер жүрөт деңизчи, ошентсе да, коомчулук Союздан калган үлкөн имаратка Темир Сариев кантип ээ болгонуна баш катырууда. Ал эми бул боюнча “Aryba. kg” сайты “Темир Сариевдин байлыктары талкууга түшүп, Киев–Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги чоң имаратына кызыгуулар башталыптыр”,- деп жазды.
Президенттин досу делген Мелис Мырзакматовдун айрым мүлктөрү мамлекеттин карамагына өттү. Эми Акаев доорунун эрке талтаңдары ит бекер менчиктештирип алган мүлктөргө кезек келеби? Эгер 90-жылдардан кийинки чаржайыт менчиктештирүү кайрадан териштирилсе, баймын деп көкүрөк каккандардын бети ачылмак.

Бөлүшүү:
Next Post

Ал жеңиши керек: Илон Маск эң маанилүү штаттардын бирине Трампты коштоп келди

АКШнын Республикалык партиясынан президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоо алдындагы митингин улантуу үчүн Пенсильвания штатындагы Батлер шаарына кайтып келди. Буга чейинки митинг 13-июлда өтүп, ага кол салуу менен аяктаган. Бул ирет митингде Х социалдык тармагынын ээси Илон Маск чыгып сүйлөп, чогулгандарды 5-ноябрдагы шайлоодо Трампты колдоого чакырды. Бул шайлоо кампаниясы Трампка Пенсильваниянын […]

Сизге жагышы мүмкүн