Өлкөбүздө күбүр-шыбыр кептердин аягы суюлбай келет. Айрым маалыматтарга караганда, 1991-жылдан бери менчиктештирүү саясатына таянып, мамлекеттик имараттарды, балдар бакчаларын, жерлерди, жоюлуп кеткен ишканалардын кыймылсыз мүлктөрүн менчиктеп, ээлеп алгандар боюнча саясий чечим кабыл алынышын жумурай журт талап кылууда. Андай болсо, өлкөнү 32 жылдан бери тоногон 100 чакты үй бүлө мыйзам алдында жооп берип калышы мүмкүн. Чындыгында, бүткүл кыргызстандыктардын талабы ушул багытта. Учурдагы бийликтин буга толук саясий эрки жана күчү жетет деген пикирлер басымдуулук кылат.