Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти

Автор

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев бул кызматтан кетти. Бул тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал 1998-жылдан бери Спорттук күрөш федерациясын жетектеп келгенине токтолуп, өлкөгө кызмат кылууга аракет кылганын жазган.
«Ар нерсенин өз учуру болот эмеспи, ошондуктан, 26 жылдан бери федерациянын жүгүн көтөрүп келгендиктен, жаштарга кезек берүү максатында аларга жол бошотуп, федерация жетекчилигинен кетүү чечимин кабыл алдым. Бирок, бала кезден бери күрөш дүйнөсүндө өсүп-жетилип, ушул даражага жетишиме себепкер болгон спорт чөйрөсүнөн биротоло кетпей, жаштарга эл аралык деңгээлде кеңештеримди айтып, бай тажырыйбамды бөлүшүп турам», — деген Турганбаев.
Ал 2021-жылдын 3-декабрында 2024-жылдын аягына чейин Олимпиадалык циклге Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Москвага кетип жаткандардан орус тилинен сынак алына баштады

Ашхабад аэропортунда миграция кызматкерлери Россияга кетүүгө даярданып жаткан жарандардын орус тилин билүү деңгээлин текшерүүдө. Суроолорго түшүнбөгөндөр өлкөдөн чыгарылбай жатат. Маалыматтарга караганда Росссияга кетүүнү каалагандардан орус тили боюнча курстардын сертификатын талап кыла башташты. Күн сайын бир нече адам кетүүгө уруксат ала албай жатат. Паспорттук көзөмөлдө көбүнчө окууга чакыруу алган жаштарды артка […]

Сизге жагышы мүмкүн